• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Түркияда тик учак кырсыкка учурады, ичиндеги экипаждын үчөө кыргызстандык болгон

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.23./Кабар/. Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак кырсыкка учурап, Тахтали дамбасына кулап түшкөн.

Кырсык күн мурун, 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган.

Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын ичинде төрт экипаж болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жараны.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун билдирүүсүнө караганда, учурда бир кыргыз жараны ооруканада, калгандары боюнча издөө иштери уланууда.

"Башкы консулдуктун кызматкерлери кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Түркиядага элчилиги жана Стамбулдагы башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышууда жана бул маселени өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Пикир

Оставить комментарий