• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КР УКМК: Чек арадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча комиссиянын иши уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 17.09.22. /Кабар/. КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында жаңжалды тез арада жөнгө салуу, ок атышууну токтотуу жана мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча чыңалуунун чыңалуунун жаңы очокторун алдын алуу боюнча комиссиянын иши уланууда. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандарга материалдык жана башка жардам көрсөтүү үчүн республиканын бардык аймагында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары уюштурулган.

Бүгүнкү күндө күч блогунун бардык түзүмдөрүнүн жана жарандык сектордун биргелешкен ишинин натыйжасында аткылоого дуушар болгон аймактардан 137 миңге жакын жаран эвакуацияланды.

Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду, БУУ түзүмдөрү тарабынан, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан жабыркагандарга эң зарыл болгон товардык жана материалдык жардамдар жөнөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий