• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.20. /Кабар/. Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен бала табыла элек, издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 7-августта Нарын облусу Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына Н.Б. аттуу 7 жашар бала чөгүп кеткен. Буга чейин жүргүзүлгөн издөө иштери жыйынтык бере элек.

Бүгүн, 23-августта жерине издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө Кочкор райондук №42 ӨКБдан 12 куткаруучу тартылган.

.

Пикир

Оставить комментарий