• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Чүй облусунда 5, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт катталган.

Чүй облусунун Чүй районундагы Кош-Коргон айылында жаңы салынып жаткан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 63 чарчы метр чатыры, ичинде жыйылган 500 түк чөп жана 20 кап жүгөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Бел айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана 120 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий