Бишкек, 03.07.23. /Кабар/. "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасы өз жамаатына жооптуу кызматкерлерди издейт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жашы 18ден жогору төмөнкү адистер талап кылынат:
- юрист;
- электронщик;
- автоэлектрик;
- ширетүүчү;
- кузовчу;
- токарь;
- кыймыл курамын оңдоо боюнча слесарь;
- электромонтер-кабельщик;
- троллейбус айдоочусу;
- АП7 унаасынын айдоочусу;
- эшик шыпыргыч.
"Кененирээк маалымат алуу үчүн 0312 65 75 90 номери боюнча кайрылууга болот", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий