• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек жана Чүй облусунун тургундары газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алышат

Экономика 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары газдаштырууга жеңилдетилген насыя ала алышат.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, КР министрлер кабинетинин тескемеси менен "Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо” долбоору бекитилди.

Долбоордун максаты жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу газга туташтыруу, газ от казандарын жана материалдарды сатып алуу жолу менен Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатууга мамлекетик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 2023-жылы калкка, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге газга туташтыруу жана гпз от казандарын сатып алуу үчүн Банктардын финансылык каражаттары берилет.

Ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн 2023-жылга республикалык бюджеттен пайыздык чендерди субсидиялоого 72,6, млн. сом өлчөмүндө каражат каралды, бул ишкердик субъекттери үчүн 1 000,0 млн. сом суммасында жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн тескемесин аткаруу максатында, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен "РСК Банк" ААК, "Айыл Банк" ААК банктар менен келишимдерди түздү:

- "Айыл Банк" ААК – 500,0 млн сом;
- "РСК Банк" ААК – 500,0 млн сом.

Каржылоо булактары: Кыргызстандын республикалык бюджети жана "РСК Банк" ААК, "Айыл Банк" ААКтын каражаттары.

Долбоорго катышкан Банктар зайымчыларды (абоненттерди) төмөнкү негизги жалпы шарттарда кредиттөөгө же каржылоого милдеттүү:

- каржылоо субъекттери: жеке жактар, юридикалык жактар, жеке ишкерлер;

- каржылоо объекттер: турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк;

- багыт: газдаштыруу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: курулуш-монтаждоо жумуштары (КМЖ), газ менен жылытуучу от казандарын орнотуу/сатып алуу, керектелүүчү материалдарды сатып алуу, газдаштыруу үчүн мурда алынган кредиттерди кайра каржылоо;

- сумма: 150,0 (бир жүз элүү) миң сомго чейин;

- кредит мөөнөтү: 24 айдан ашык эмес;

- камсыздоо: күрөөсүз негизде;

- акыркы пайыздык коюм: жылына 8 (150,0 кв. метрге чейин) жана 12 (150,0 кв. метрден жогору) пайыз;

- субсидиялоо ставкасы: жылына 10 жана 6 пайыз;

- жеңилдетилген мезгил: жок.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 1 000,0 млн. сом суммасын түзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий