• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Чүйдө №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди

Коом 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Чүйдө №8 абактагы 45 жаранга паспорт берилди.

Жаза аткаруу кызматынан билдиришкендей, паспорттоштуруу соттолгондорду түзөтүү жана кайра социалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында №8 түзөтүү мекемесинин администрациясы жана Москва районунун калкты тейлөө борбору тарабынан ишке ашырылды.

Ведомстводон белгилешкендей, жакын арада №8 түзөтүү мекемесинде жаза өтөп жаткан дагы 50гө жакын соттолгон жаранга паспорт берүү жана тариздөө иштери күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын башынан бери түзөтүү мекемелеринин социалдык кызматкерлери 367 соттолгон адамды паспорт менен камсыз кылууга жетишкен.

Пикир

Оставить комментарий