• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте таштанды контейнерлерин оңдоп-түзөө иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 10.07.23. /Кабар/. "Тазалык" муниципалдык ишканасы Бишкектеги таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчасы, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда таштанды контейнерлеринин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу же оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, ар бир райондо жумушчулардын экиден бригадасы иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий