• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ӨКМдин куткаруучулары "Төө-Ашуу" лыжа базасында машыгуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары "Төө-Ашуу" лыжа базасында атайы машыгуудан өтүүдо.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, куткаруучулар бийик тоо шартында жабыркагандарды куткаруу, жардам көрсөтүү, кар үстүндө жүрө турган техникаларды туура колдонуу эрежелерин практика жүзүндө өздөштүрүүдө.

Куткаруучулар 8-февралга чейин тажрыйбаларын жогорулатышат.

ӨКМден кошумчалашкандай, ведомство башчысы Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен түрдүү татаал шартта адам өмүрүн сактаган куткаруучулардын тажрыйбасын ар тараптуу жогорулатуу иши жигердүү жүрүп ага катар англис, түрк тилдери үйрөтүлүүдө.

Ошондой эле мамлекеттин колдоосу менен атайы шаймандар менен да камсыз болушууда.

"Ал эми өлкөдө тоо туризмин өнүктүрүүдө куткаруучуларды дүйнөлүк стандарттарга ылайык даярдоо, тажрыйбаларын бийик деңгээлге чыгаруу стратегиялык багыт болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий