• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстан менен Түркиянын маданият тармагындагы алакалары талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 28.11.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Батухан Мумжу менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн маданий алакасы жана Түркияда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Алгач Тимурлан Ажымалиев Түркия тарапка кыргыз делегациясын жылуу кабыл алып жатканын жана Түркияда өтүп жаткан Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү демилгесин колдоого алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал мындай иш-аракеттер мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги расмий сапарларда, эл аралык келишимдерге кол коюлган маданият жаатындагы макулдашуулар олуттуу деңгээлде көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, жолугушууда эки тараптуу кызматташууда жылуу достук мамилелерди сактоого маданият күндөрү, кино жумалыгы, илимий-практикалык конференциялар жана семинарлар уюштуруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Ошондой эле биздин өлкөлөрдүн тарыхындагы маанилүү датанын – дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 32 жылдыгынын, Түркия Республикасынын негизделгендигинин 100 жылдыгынын жана кыргыз эл жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгынын алкагында өтүп жатышы белгиленди.

Жыйынтыгында тараптар маданияттын ар кандай багыттары боюнча эки тараптуу кызматташуунун мындан ары активдештирүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий