• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Бишкекте шаарды өнүктүрүү боюнча пландуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 28.11.23 /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында шаардын район башчылары, аймактык, ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда пландык жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, “Бишкек – 2026. Көрктөндүрүлгөн жана жашыл шаар” социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын алкагында аткарылган иштер тууралуу Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов баяндама жасады.

Шаар башчысы жарандарга жагымдуу шарттарды түзүүнүн алкагында «Тазалык», «Бишкекжашылчарба», «Бишкексуучарба» жана «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканаларына борбор калааны көрктөндүрүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү, тактап айтканда, аймактарды, жолдорду же тротуарларды куруунун, көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алдында иш-аракеттерин координациялоону тапшырды.

Ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишканасына, “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгына, төрт райондун акимдерине абоненттик базаны көбөйтүү боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Борбор калаанын мэри муниципалдык инспекциянын алдына мончодо, сауналарда жана чарбалык субъектилерде тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө бөгөт коюу боюнча рейддерди күчөтүү милдетин койду. Өз кезегинде, инспекция сунуш иретинде отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча чарба жүргүзүүчү субъекттерге билдирүүлөрдү берет.

Отурумдун жыйынтыгында Айбек Жунушалиев социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышын талдоо, ошондой эле аткаруучулардын жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий