• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгекчил элибиз көп жакшылыктарга жетсин! Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды куттуктады

Коом 0

Бишкек, 02.05.22. /Кабар/. Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпы кыргыз элин бүгүнкү Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди чын жүрөктөн Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Бүгүн биздин элибиздин эң мыкты сапаттарын - ырайымдуулугун, биримдигин, кең пейилин, боорукердигин айгинелеген маанилүү майрамдардын бири болууда.

Бул майрамда адамдар рамазан айындагыдай эле бири-бирине болгон таарынычын кечиришип, муктаж болгондорго жардам беришип, Жаратканга шүгүр келтиришет.

Урматтуу мекендештер!

Жашооңуздарда кубанычтуу окуялар мол болсун! Бардык дуба-тилектер кабыл болуп, каалаган ой-максатыңыздарга жетиңиздер! Ошондой эле ынтымактуу, эмгекчил элибиз көп жакшылыктарга жетсин!", - деген тилектерин калтырган.

Пикир

Оставить комментарий