Бишкекте акселераторлор тобунун биринчи жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. Бишкекте “Кыргызстанда электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү” долбоорунун бөлүгү боюнча “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында акселераторлор тобунун биринчи жумушчу жолугушуусу өттү.

Жолугушууга “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемесинин башкы инженери, Экономика жана коммерция министрлигинин, Энергетика министрлигинин өкүлдөрү, Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин жетекчилиги, ИИМдин ЖКККББнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, Жаратылыш ресурстар министрлигинин бөлүм башчысы, ошондой эле электромобилдерди өнүктүрүү ассоциациясынын президенти жана башкалар катышты.

Бул этапта, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотуу боюнча коюлган милдеттерди ишке ашыруу пландары жана процесси аныкталган.

Бул чакырыкты аткаруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдар болуп, Бишкек шаарынын мэриясы, Экономика жана коммерция жана Энергетика министрликтери саналат.

Пикир

Оставить комментарий