• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Апрель революциясына карата илимий кереге-кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “2010-ж. Апрель революциясынын сабактары жана мааниси” аталышындагы илимий кереге-кеңеш өттү.

КР УИА басма сөз кызматы билдиргендей, анда Апрель революциясы, анын натыйжалары, сабактары, мааниси жана учурдагы абал талкууланып, аларга объективдүү баа бергенге аракеттер жасалды.

Иш-чарада “К.Бакиевдин башкаруусу убагындагы непотизмдин гүлдөшү”, “Апрель революциясы Кыргызстандын саясий-экономикалык, социалдык, рухий жактан өзгөрүп өнүгүшүнө алып келдиби?”, “24-март”, 7-апрель салыштырмалуу анализ”, “Коом жаңырткан элдик революция”, “Элдик революциялар мектептин тарых сабактарында”, “Белгисиз баатырлар: революциянын күңгөй-тескейлери” деген темаларда докладдар окулду.

Иш-чарага КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун окумуштуулары, коомдук ишмерлер, “Мурас” фондунун өкүлдөрү жана ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов Апрель революциясынын натыйжалары тууралуу айтып жатып: “Бир адамдын үй-бүлөлүк башкаруусун жоюп, мамлекет коллективдик башкарууга өтө алды. Көп нерселер ишке ашпай жатканы менен коомдун таза өнүгүшүнө өбөлгө түзүлдү. Биринчи жолу Роза Отунбаева тынчтык жолу менен президенттикти өткөрүп берди. Ал эми бул революциядан кийинки биринчи жакшы жыйынтык”, - деди. КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов революциядан кийинки мезгилге токтолуп: “2005- жылдагы революциянын максаттары ишке ашпай калгандыктан, 2010-жыл анын уландысы болду. Андан бери Кыргызстанда болуп жаткан көптөгөн өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Эң негизгиси үй-бүлөлүк коррупциялык схема жок болду. Башкаруу системасы менен коом өзгөрдү. Өлкө парламенттик башкаруу жолуна түштү”, - деген оюн билдирди.

Кереге кеңештин соңунда: 2010-жылдагы Апрель революциясынын натыйжаларын, жыйынтыктарын, маанисин изилдөөнү улантуу; изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын ММКларга жайылтуу; Кыргызстандын коомчулугун демократиялаштыруу маселелери боюнча илимий макалаларды, эмгектерди жарыкка чыгаруу; мамлекеттик бийликти өнүктүрүүгө карата илимий негизделген сунуштарды берүү; кыргыз коомчулугун мындан ары дагы демократиялаштыруу проблемалары тууралуу китептерди жана илимий макалаларды жарыкка чыгаруу жана мамлекеттик бийликти жакшыртуунун илимий негиздеги сунуштарын берүү деген сунуштардан турган резолюция кабыл алынды. Кереге-кеңешти КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, КР Президентинин аппаратына караштуу “Мурас” фонду, Ж.Баласагын атындагы КУУ, И.Арабаев атындагы КМУ уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий