Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлөт.

Кыргызгидромет кызматынан билдиришкендей, күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Катуу шамал учурунда:
- Унаанызды имарат жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;
- Электр чубалгылары турган жерге барбаңыз;
- Көз айнек кийиңиз.

Кырсык катталган учурда 112 номерине байланышыңыз.

Пикир

Оставить комментарий