• 87.86
  • 93.94
  • 1

“Ар бир эле браконьердин ак илбирсти атууга эрки жетпейт, себеби биз аны таап, жазалайбыз” – Рустамов

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. “Ар бир эле браконьер ак илбирсти ата албайт. Себеби биз аны таап, жазалайбыз”, - деди Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кызыл китепке кирген жаныбарды аткан адамга 1,5 миллион сом айып пул салынат.

“Алдын ала маалыматтар боюнча Кыргызстанда 350 ак илбирс бар. Мен алар 350 же андан көп деп дайыма айтам. Андан аз болушу мүмкүн эмес. Учурда ак илбирстер Кегети капчыгайында жана Ала-Арча жаратылыш паркында бар экендигин баары билишет”, - деп белгиледи ал.

Рустамов дүйнө жүзү боюнча 2020-жылы ак илбирстердин так саны эсептелерин билдирди.

“Биз фотокапкандарды орнотконбуз, алар аркылуу эсептөө жүргүзөбүз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий