• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек жана Чүйдүн жашоочуларына газ берүү чектелбейт. Чектөө бизнеске тиешелүү

Коом 0

Бишкек, 19.01.22. /Кабар/. Бишкек жана Чүй облусунун жашоочуларына газ берүү токтотулбайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чектөө коммерциялык объектилерге, атап айтканда, ресторан, кафе, мончо жана газды өндүрүштүк максатта колдонгон ишканаларга тиешелүү. Мындай чаралар калктын жана социалдык объектилердин (бала бакчалар, мектептер, мамлекеттик жылуулук менен камсыздоочу уюмдар) газга болгон муктаждыктарын толук камсыздоо максатында киргизилүүдө.

Компаниядан кошумчалашкандай, коммерциялык ишканаларга газ берүүнү чектөө Казакстандан республиканын түндүгүнө газ берилүүчү магистралдык газ түтүгүндөгү басымдын төмөндөшү менен байланыштуу.

“Бүткүл Борбор Азияда, тактап айтканда, Түркмөнстан, Казакстан, Өзбекстан жана биздин өлкөдө байкалган аномалдуу сууктан улам бардык өлкөлөрдө электр энергиясын керектөө бир кыйла өстү”, - деп билдирди “Газпром Кыргызстан”.

Алсак, 2023-жылы 18 күндүн ичинде Кыргызстанда бардык категориядагы керектөөчүлөргө газ берүү 35%га көбөйдү, ал эми 2022-жылы декабрь айында 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жаратылыш газы 40%га көп сатылды.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы тышкы жеткирүүчүдөн газ берүүнүн чектелүүдө коммерциялык объект резервдик отундун түрүнө өтүшү керектигин кошумчалады. Мындай жагдай аны менен түзүлгөн келишимде каралган, ошондой эле Энергетика жана өнөр жай министрлигинин 2015-жылдын 17-октябрындагы №152 буйругу менен бекитилген жаратылыш газын берүү эрежелеринде жазылган.

Пикир

Оставить комментарий