• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Майлуу-Сууда жылуулуксуз калган жарандар үчүн убактылуу жай ачылды

Аймак 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында турай жайында суу жана жылуулук жок жарандар үчүн убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Шаар аймагындагы тургундар үчүн шаардык ооруканада жана окуу жайдын жатаканасында жалпы 102 орундук даярдалып, 24 саат бою шаардын тургундарын кабыл алуу үчүн даяр.

Ал эми жергиликтүү бийлик шаар аймагындагы жеке тамактануучу жайлардын ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 60 адамды кабыл алууга даяр экенин билдиришти.

Учурда ӨКМдин өздүк курамынын кызматкерлери тоңуп калган суу түтүкчөлөрүн эритүү аракетин көрүүдө.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январда шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Кийинчерээк, №1 менен №4 отказан жылуулук бере баштагандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий