• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда боордоштук түзүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Арабия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Рияд шаарынын мэри Ханзаада Файсал бин Абдулазиз бин Айяф менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин жогорку деңгээлин жана өсүп жаткан динамикасын, ошондой эле 2022-2023-жылдары өз ара аракеттенүүнүн ар кандай деңгээлдериндеги эки тараптуу иш-чаралардын олуттуу активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты, эки тараптуу туризмди жана ишкердик байланыштарды өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн борборлорунда өз ара соода жарманкелерин жана өнөр жай көргөзмөлөрүн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мэр Айяф элчиге заманбап шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жогорку технологиялуу шаарды түзүү боюнча ноу-хау жаатында тажрыйба алмашуу багыттарынын бири боло ала турган Сауд Арабиянын борборун өнүктүрүү боюнча жетишкендиктер жана пландары тууралуу маалымат берди.

Эки өлкөнүн ортосунда өнүгүп келе жаткан кызматташтыкты жана өз ара кызыкчылыкты эске алуу менен Марипов Айяф менен Бишкек жана Эр-Рияд шаарларынын ортосунда эки шаардын достугунун чыңдоосуна багытталган боордоштук байланыштарды түзүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуунун соңунда элчи Марипов Улуу Даражалуу Ханзаада Айяфты Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий