• 87
  • 91.29
  • 0.84

Бишкек жана Ошто диний окуу жайлар жана аялдардын диний борборлору үчүн тренингдер өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын демилгеси боюнча Бишкек жана Ош шаарларында диний окуу жайлар жана аялдардын диний борборлору, аялдар коомчулугунун лидерлери жана медреселердин окутуучулары үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлдү.

Бул тренинг БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) колдоосунда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте “Мутакалим” аялдар коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду жана өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты кыздарга жана аялдарга карата катаал мамилени болтурбоо жана таасирдүү чара көрүү, эрте никеге турууну алдын алуу болуп саналат.

Тренингде үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда зомбулук жок өз ара мамилелер, үй-бүлөдөгү эркек баланын жана кыз баланын ролу, ажырашууларды алдын алуу, репродукциялык системанын инфекциялары ж. б. маселелер талкууланды.

Иш-чарага КРннын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, КР президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, ошондой эле БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы катышты.

Пикир

Оставить комментарий