• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк медицина борборуна 55 миң долларлык жабдуу тапшырылды

Ден соолук 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Япония өкмөтүнүн "Чөптүн тамыры жана адам коопсуздугу" гранттык программасынын алкагында Бишкектеги №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 55 миң долларлык УЗИ аппараты тапшырылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министрдин орун басары Улан Садыков, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидеки, Бишкек шаарынын Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын директору Бакытбүбү Шамырканова жана ҮМБнын кызматкерлери катышты.

Министрдин орун басары өз сөзүндө япония тарапка саламаттык сактоо уюмдарын медициналык жабдуулар менен камсыздоодо көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

"УЗИ аппараты ооруларды диагностикалоо боюнча баштапкы кызматтын ишин бир топ жакшыртат жана калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат", - деди Садыков.

Пикир

Оставить комментарий