• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу. Экинчи күндүн жыйынтыгы

Спорт 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Күн мурун, 29-августта Ош облусунун Төлөйкөн ат майданында 31-август - Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган президенттин кубогунун алкагында көк бөрү боюнча беттештер өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кечээ жалпы 3 оюн өттү.

Алгач экинчи лиганын “Ош шаары” жана "Биримдик" командалары ойноп, 7:5 эсебинде Ош шаарынын командасы жеңишке жетти.

Ал эми кийинки беттештер жогорку лиганын командалары арасында өтүп, “Достук” командасы 13:4 эсебинде “Жаштык” командасын жеңди.

Акыркы оюнда “Ынтымак” менен “Мурас командасы беттешип, 6:1 эсебинде “Ынтымак” командасы утту.

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-августта “Кара-Суу” “Ош шаары” комндасы менен, 40 жаштар арасында “Биримдик” командасы “Сары-Өзөн” менен, “Жаштык” жана “Мурас” командалары 3-орун үчүн беттеш өткөрөт.

Эскерте кетсек, Көк бөрү боюнча президенттин кубогу 28-августта старт алган. Анда "Биримдик" (Жалал-Абад) - "Кара-Суу" командалары беттешип, 5:4 эсебинде "Кара-Суу" командасынын жеңиши менен аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий