• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна асфальт төшөө иштери аяктады

Аймак 0


Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен эл аралык маанидеги Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна (Ноокат) асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдыда жол сызыктары чийилип, 1-сентябрга чейин жол белгилери орнотулуп, жумуштар толук жыйынтыкталат.

Белгилүү болгондой, Ноокат жолун калыбына келтирүү иштери 2023-жылдын март айында башталган.

"Бул жол өлкө жетекчилигинин тапшырмасы менен казынадан каралган каражатка "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы тарабынан оңдолуп, жумуштар эки тилкеде (Ош - Баткен - Раззаков унаа жолунун 27+960 – 34+400 жана 40+350 – 46+910 чакырым аралыгында) жүргөн. Жер иштеринен тарта асфальт төшөөгө чейинки жумуштар президенттин жеке көзөмөлүндө туруп, учурда эки тилкеде тең иштер аяктады", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жаңы сатып алынган 265 техниканын бир бөлүгү биринчи кезекте Ош – Баткен – Раззаков унаа жолуна жеткирилип, иш ыргагын кыйла ыкчамдаткан.

Эскерте кетсек, Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун 0-75-чакырым аралыгы Ош облусунун аймагында жайгашкан. Анын ичинен 0-6-чакырымы Ош шаары, 6-11- чакырымы Кара-Суу району, 11-75-чакырымы Ноокат району (38-41-чакырымы Ноокат шаары) аркылуу өтөт.

Пикир

Оставить комментарий