Бишкек ЖЭБдеги калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөр берилет

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборундагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы штаттык эмес кырдаал болгон жерге барды.

Белгиленгендей, алдын ала баалоо боюнча от казандары жана турбоагрегаттары жабыркаган эмес жана учурда акырындык менен ишке киргизилүүдө.

«Бишкекжылуулуктармагынын» тейлөөсүндөгү жана балансындагы бардык абоненттер ТЭЦтин чыгышындагы температура 35 градустан 67 градуска чейин жеткен жүгүртүү режимине кошулду.

Ошондой эле ЖЭБтеги окуя боюнча КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, окуянын ар кандай себептери каралып жаткандыгы тууралуу министрлер кабинетинин башчысына маалымат берилди.

Андан ары министрлер кабинетинин төрагасы ыкчам штабдын отурумун өткөрдү, анда мындан аркы калыбына келтирүү иштеринин деталдары каралды.

Министрлер кабинетинин башчысы окуя болгон жерде коопсуздук чараларын сактоого өзгөчө көңүл буруп, калыбына келтирүү иштерине тартылган жумушчуларга кошумча төлөмдөрдү берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, борбор калаанын мэрине жана Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директоруна жаңы абоненттерди борбордук жылуулукка кошууга тыюу салуу, ошондой эле бул маселенин үстүндө иштөө борбордун райондорунда жылуулук менен камсыздоонун альтернативалуу кошумча булагы боло турган автономдуу локалдык отканаларды куруу тапшырмасы берилди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген коңшу мамлекеттердин жетекчилигинин колдоосуна токтолуп, учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирди.

"Бул өз кезегинде бизге сыноонун бир түрү болуп, аны биз биргелешкен күч-аракет жана командалык иш аркылуу өттүк. Акыркы жолу биз 2022-жылдын январь айында Борбордук Азиянын энергетика системасындагы аварияга байланыштуу кырдаалдан оңой эле чыгып кеткенбиз, бул окуялардын баары энергетикалык системаны башкарууга советтик мамиледен баш тартууга убакыттын жеткендигин көрсөтүп турат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий