• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн болжол менен саат 14:30дар чамасында катталып, очогунда күчү 5 баллды түздү.

Жер силкинүүнүн очогу Кытайдын аймагында болуп, Бедел айылынан 35 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 48 чакырым, түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 144 чакырым түштүктө жайгашкан.

Жер титирөө Бедел айылында 3,5 балл, Ыштык айылында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий