• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкек – Ош жолунда унаа жардан кулап, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 26.07.23. /Кабар/. Бишкек – Ош унаа жолунун 402-чакырымында BYD үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, жардан кулап кеткен. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

“Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам жабыркап, 1 аял жеринде каза болгон, аты-жөнү такталууда.

Фотограф Влад Ушаков кырсык болгон жерден сүрөттөрдү жарыялап, окуянын күбөлөрү дароо жабыркагандарды жардан чыгарууга жардамдашканын жазган.

Пикир

Оставить комментарий