• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Таласта жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Таласта жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Жоон-Дөбө айылында оор жүк ташуучу унаанын 10 дөңгөлөгү жана кабинасы күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 1986-жылы туулган М.Р., 1988-жылы туулган У.М., 1990-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандар жеңил жаракат алып, тез жардам кызматына өткөрүп берилген.

Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан келип чыкан.

Пикир

Оставить комментарий