• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

26-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 26-августка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +24...+29, Талас облусунда +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көл облусунда +19...+24 жана Нарын облусунда +21...+26 градуска жетет.

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, абанын температурасы +27...+29 градус болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий