• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан сыйлуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Эске салсак, 2022-жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт, анда интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Пикир

Оставить комментарий