• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 900гө жакын адам тартылды — штаб

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.

Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинен:

  • ӨКМден 133 куткаруучу;
  • 17 техника;
  • 6 суу сордуруучу мотопомпа;
  • дрон;
  • 12 жылыткыч;
  • 10 чатыр.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:

  • авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;
  • ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
  • ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө;

Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.

Жеринде мындан сырткары, жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер 21 техника курулуш компанияларынан 338 куруучу 5 техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий