• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Айыпталуучу соттун ишти кароодон четтетилишин суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Отурумда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков соттун ишти кароодон четтетилишин суранды.

"Мен сиздин четтетилишиңизди айтып жатам. Сиздин жакшы киши экениңизди көрүп турам. Ошондуктан ишти кароодон баш тартыңыз", - деди ал.

Сот кеңешме бөлмөсүнө кетип, кайра келгенден кийин ал өтүнүчтү четке какты. Ал, бул өтүнүч негизсиз экенин айтты.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий