• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБне Т.А. аттуу жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылып, Лебединовка айылында жайгашкан турак үйдү курулушу үчүн жер тилкесин сатуу шылтоосу менен 2019-жылдын башында ишенимге кирген, чала тааныш адамга чара көрүүнү суранган. Анда ал чала тааныш адам 6 миң 200 АКШ долларын жана 86 миң 500 сомду түзгөн акчасын алып, жер тилкесин же акчаны бербей, белгисиз тарапка качып жүргөнүн маалымдаган.

Бул факт Аламүдүн районунун КЖБР катталып КР Кылмыш-жаза кодексинин 204 (алдамчылык) фактысы менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 29 жаштагы М.Т. аттуу жаран кармалган. Ал азыр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий