• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандарга 702,5 миң сом айып салынды

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы бир суткада көрктөндүрүү эрежелерин сактабаган жактарга 702 миң 500 сомго 55 протокол түздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, айыптарды негизинен жарандар жана чарбалык субъектилер алган.

Райондор боюнча маалымат:

  • Октябрь району боюнча 225 миң сомго 15 протокол,
  • Свердлов районунда 213 миң 500 сомго 18 протокол,
  • Биринчи май районунда 660 миң сомго 6 протокол,
  • Ленин району боюнча 198 миң сомго 16 протокол.

Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактабагандыктары үчүн мыйзам бузуучуларга КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынарын эскертет.

Муниципалитет ошондой эле шаардыктардан жана шаардын конокторунан тазалыкты жана тартипти, санитардык жана экологиялык нормаларды сактоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий