• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сузактагы кырсык. Жабыркаган балдарга, алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Сузакта кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар менен Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин психологдору иштөөдө.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган.

Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келген. Учурда алар Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий