Бишкек ЖЭБин модернизациялоо: Соттук отурум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.08.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Сотто судья Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сот залына мурдагы премьер-министр Сапар Исаков алынып келди. Ал 16-августтан бери Улуттук госпиталдын №2 неврология бөлүмүндө дарыланып жаткан.

Күбөлөр сурак берүүдө. Күбө катары КРнын өкмөт аппаратынын өнөр жай жана жер казыналарын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы Азамат Оморов чакырылган.

Анын айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору регламентке ылайык макулдашылган. Анын жүрүшүндө айрым сунуштар жана эскертүүлөр киргизилген.

“Жалпысынан баардык маселелер иштелип чыгып, андан кийин өкмөттүн буйругу кабыл алынган. Буйрук белгиленген тартипте кабыл алынып, кыска мөөнөттүн ичинде –бир күндө каралган. Кийин документ дагы иштелип чыккан”, - дейт ал.

Күбө белгилегендей, документ өкмөткө кароого жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий