• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкек ЖЭБинде эки энергетикалык блок капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын ЖЭБинин №3 жана №4 энергетикалык блокторуна капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, оңдоо иштери энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, 2024-жылдын 1-октябрына чейин №3 блоктун жана 2024-жылдын 1-ноябрына чейин №4 энергетикалык блоктун капиталдык оңдоо иштерин бүтүрүү зарыл.

Энергетикалык блоктор 2017-жылдын июль айында орнотулуп, ишке киргизилген. 7 жыл эксплуатациялоонун жүрүшүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Ошондой эле агрегаттар чоң жылуулук жана электрдик жүктү көтөргөн, ушуга байланыштуу орнотулган долбоордук кубаттуулуктардын төмөндөшү байкалган. 300 МВттан 220 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүүгө таасирин тийгизет.

Аткарылган иштердин алкагында 300 МВт кем эмес эки энергетикалык блоктор, электр энергиясын жана 300 Гкал/сааттан кем эмес жылуулук энергиясын өндүрүүгө жетишүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий