• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек ЖЭБине алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынат

Экономика 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) алына турган 400 миң тонна импорттук көмүр тендерсиз алынат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Электр станциялары” ААКнын башкы директору Айбек Айдаралиев билдирди.

Айдаралиев кызматына октябрь айынын башында дайындалганын айтты.

“Кызматка келгенде экономикалык жана техникалык жактан анализ жүргүзүп, калкты электр энергия менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн кошумча 400 миң тонна көмүр сатып алуу чечими чыккан. Аны сатып алууга бюджетте каражат жетиштүү. Көмүр алуу үчүн тендер өткөрүүгө убактыбыз жок, эртең ноябрь. Андыктан ортомчу жок бир булак менен келишим түзүлөт”, - дейт ал.

Ал эми энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, күз-кыш мезгилине көмүр, газ, мазут, электр жарыгын алууга 9 млрд сом каралган.

“Келишим түзүлүп, алына турган казакстандык көмүр Аламүдүн станциясына чейин жеткирилет. Баарыңыздар билгендей Бишкек ЖЭБи жаңы жана эски блоктон турат. Жаңыга Кара-Кеченин, эскиге казакстандык көмүр жагылат. Эски блокко Кара-Кеченин көмүрүн жаксак, чыгаша болуп, экономикалык жактан ыңгайсыз болот. Кошумча газ жана мазут алышыбыз керектелет”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий