• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекке 20 жаңы автобус келди

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Бишкекке 20 жаңы автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобустун узундугу 10,5 метрди түзөт, кыймылдаткычы газ менен иштейт. Автобус 75 адамды ташууга ылайыкталган. Анда 26 орундук жайгаштырылып, 1 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ылайыкталган.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен автобустарды сатып алуу үчүн шаардык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.

Жакында борборго дагы 100 автобустун келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий