• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бажы кызматынын төрагасы тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен жолугушуу өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен жолугушуу өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу 7-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында өткөн.

Жыйынга Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн жана бажы органдарынын жетекчилери, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, ташуучулар жана бажы өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды өткөрүү, ошондой эле аларды бажылык декларациялоо маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында бажы кызматынын башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана бажы органдарынын жетекчилерине БТЖларды жакшыртуу жана катышуучулар үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Бажы органдарына ай сайын тышкы соода ишмердигинин катышуучулары менен товарларды алып өтүүгө байланышкан көйгөйлүү маселелер боюнча жолугушууларды өткөрүү жана Мамлекеттик бажы кызматына отчет берүү тапшырылды.

Ошондой эле Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук аппаратында бажы кызматынын башчысынын төрагалыгы алдында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары менен квартал сайын жолугушууларды өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий