• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекке 47 өлкөнүн парламентарийлери келишти – эмнени талкуулашат?

Саясат 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кыргызстанда биринчи ирет Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү отуруму өтүүдө.

Эки күндүн ичинде Бишкекте 300дөй катышуучу сессиялык жолугушууларда парламенттик кызматташтык, Борбордук Азиянын коопсуздугу маселелерин талкуулашат.

“Бүгүнкү күнгө карата Бишкекке Европадан, Азиядан жана Түндүк Америкадан, жалпысынан 47 өлкөдөн парламентарийлер келишти. Отурумдарга 300гө жакын дүйнө өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышууда. Анын 160ы бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлдөрү”, - деди Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов.

ЕККУ ПАны өткөрүүгө даярдануу боюнча жумушчу топтун жетекчиси катары ал аталган отурумду өткөрүү Кыргызстанга өлкөнү таанытууга бир катар мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берерин билдирди.

“Кыргызстанда парламенттик ассамблеянын ушундай масштабдуу отуруму алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Бул катышуучуларды өлкөнүн тарыхы, кыргыз элинин турмуш-тиричилиги менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк берет”, - деди Шаболотов.

Ал үчүн анын айтымында, атайын маданий программа даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий