• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Президент жаңы өкмөт мүчөлөрүн берген антка бекем турууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште жаңы өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Мамлекет башчысы жаңы дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн жана эл өкүлдөрүнүн алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Биздин ар бир ишмердүүлүгүбүз элдин элегинен өтөт, - деп билдирди Жээнбеков жаңы өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып. Акыркы жылдары айрым адамдар боюнча таң калуулар жана талкуулар көп болууда. Мындай болбошу керек. Бул жерде отургандардын бардыгынын жүрүм-туруму бийликтин үч бутагына тең өз таасирин тийгизет. Ошол эле убакта эл бийликке ишенгиси келет”.

Өлкө президенти жаңы өкмөт мүчөлөрүн берген анттарына бекем туруп, ага чоң маани берүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий