• 86.8
  • 91.36
  • 0.81

Бишкекке аймактардан келген унаалардын акча төлөп кирүүсү канчалык негиздүү?

Коом 0

Бишкек шаарында тыгын жана ыш маселелери курч бойдон калууда. Себеби, борбор калаа 350 миң унаага ылайыкташканы менен, расмий маалыматтарга ылайык, учурда 600 миңден ашуун унаа бар. Ошондой эле шаарга башка аймактардан күнүнө 400 миңден ашуун унаа кирет. Унаалар тыгын гана жаратпастан, абанын булганышына дагы өз таасирин тийгизип жатат.

Жаратылыш министрлигинин атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Чыңгызбек Абдумалик уулу белгилегендей, газ жана зыяндуу заттар кара түтүндүн пайда болушунун негизги себеби.

Анын айтымында, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн алып келинген эски унаалар көп. Алар эскилиги жеткендиктен, минималдуу бир унаадан бир килограммдай зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Булганыч аба жана түтүн аралашкан ыштан бөлүнүп чыккан азот кычкылы, зыяндуу химиялык заттар адамдын дем алуу органдарын жабыркатат.

Аларга төмөндөгүлөр кирет:

  • өпкөнүн сезгенүүсү;
  • астма;
  • бронхит;
  • алсыроо жана баш оору;
  • жүрөк-кан тамыр оорулары;
  • бөйрөктүн жетишсиздиги;
  • өнөкөт жана рак оорулары.

Ыш-түтүндүн зыяны жаш куракка карабай бирдей таасир берип, наристелердин өмүрү үчүн да өтө кооптуу.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдөгү ар бир 10 адамдын тогузу булганыч абадан дем алат. Жылына 2 миллиондон ашык адам жүрөк оорусунан, 1 миллиондон ашыгы инсульттан каза таап, жалпы 7 миллион адамдын өлүмүнө себепкер болот.

Дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын рейтингинде Бишкек менен катарлаш турган алдынкы шаарларды алып көрсөк, аларда көп жылдардан бери абанын булганынышын алдын алуу максатында башка аймактардан келген унаалардан төлөм алынат же болбосо эскилиги жеткен унааларды шаар ичинде айдоого болбойт.

Эми айрым шаарларга саресеп салып көрөлү. Мисалы, Сеулда 5-деңгээлдеги көмүр кычкыл газын чыгарган эски дизелдик унаалардын шаарга кирүүсүнө кыш мезгилинде төрт айга тыюу салынган. Эрежени бузган айдоочуларга 200 доллар айып салынат. Чектөөлөрдүн аткарылышын белгиленген аймакка кирүү 45 пунктуна орнотулган 119 видеокамера көзөмөлдөйт.

Германияда дагы бул маселе дыкат каралган. Германиянын шаарлары мыйзам тарабынан булганууну ооздуктоо талап кылынгандыктан жана кээ бир метрополитан аймактарында абанын сапаты жай жакшыргандыктан, 2019-жылы дизелдик унааларга Берлин, Мюнхен, Гамбург, Штутгарт, Дармштадт шаарларына кирүүгө тыюу салынган. Абаны коргоо зонасына кирүү, 100 евро айып пул менен жазаланып, дагы 25 евро кошумча иштетүү акысы бар.

Ал эми Лондон шаарынын мэриясы шаарды айланып өткөн ар бир онунчу унаанын бири гана экологиялык стандарттарга жооп берет деп ырастайт. Алардын эсеби боюнча, 690 миңден ашык автоунаа шаардагы абанын сапатына жана анын тургундарынын ден соолугуна таасир этиши мүмкүн. Мындан улам шаар мэриясы, эми Лондонго кирүү үчүн эски машиналардан акы алынуусу керектигин белгилеген. Мындан ары талапка жооп бербеген унаалардын айдоочулары шаарга кирүү үчүн 15,7 доллар төлөшү керек. Төлөбөгөндүк үчүн айып 229 долларды түзөт. Бул чечимдин аркасында Лондондо абанын сапаты боюнча максаттарга адистер болжолдонгондон 184 жыл эрте жетиши күтүлүүдө.

Ушундай эле долбоорду үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде Бишкек шаардык мериясы сунуштап, аны коомдук талкууга чыгарган.

Эгер долбоор жактырылса, айдоочулар унаалардын башка шаарда катталганына жана чет өлкөлүк номерлүү транспорт каражаттарына жараша төлөм төлөйт:

  • 8 орундан ашпаган транспорт каражаттары: башка шаарларда катталган болсо 50 сом, чет өлкөлүк унаага 200 сом;
  • 8ден ашык оруну бар, 5 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 100/1000 сом;
  • 3,5 тоннадан ашпаган тракторлор, жүк ташуучу унаалар 100/1000 сом;
  • 8ден ашык оруну бар 5 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 150/1500 сом;
  • 12 тоннадан ашпаган транспорт каражаттары 150/1500 сом;
  • 12 тоннадан ашкан транспорт каражаттары 250/ 3000 сом;
  • чиркегичтер, тракторлор, комбайндар 300/5000 сом.

Документте айтылгандай, жыйымды алуу үчүн атайын төлөө пункту же автоматташтырылган жыйымды төлөө системасы уюштурулат. Акча каражаты ККМди колдонуу менен накталай жана электрондук акча, банктык төлөм картасы жана башка төлөм инструменттери аркылуу улуттук валютада кабыл алынат. Жыйымды төлөөчү 100 миң сом төлөгөн учурда автотранспорт каражаттарынын категорияларына жараша 30 пайыздык жеңилдик берилери белгиленген.

Материалды даярдаган Акназик Тургунбаева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий