• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы чыр. Садыр Жапаров Шавкат Мирзиеев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров телефон аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен сүйлөштү. Бул тууралуу Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө аймактык өз ара аракеттер жана эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелери каралды.

Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жана аны тез арада жөнгө салууну талкуулашты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы абалды нормалдаштыруу жана андан ары курчутууга жол бербөөгө багытталган жетишилген келишимдер канааттануу менен белгиленди.

Бардык талаштуу маселелерди кылымдарды карыткан достук, жакшы коңшулук, ишеним жана өнөктөштүк маселелеринин негизинде чечүү керектиги баса белгиленди.

Мамлекет башчылары үстүбүздөгү жылдын март айында Ташкенттеги саммиттин жыйынтыгы боюнча кабыл алынган бирдиктүү чечимдерди жана келишимдерди практика жүзүндө ишке ашыруу маселелерине токтотулушту.

Кабыл алынган милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу жана артыкчылыктуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн интенсивдүү алмашууларды улантуунун жана өз ара аракеттенүүнү түзүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий