• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дубайдагы ири туристтик көргөзмөдө Кыргызстандын павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.05.24. /Кабар/. Кыргызстан Дубайда өтүп жаткан Arabian Travel Market (ATM) ири туристтик көргөзмөгө катышууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Көргөзмөдө Кыргызстандын улуттук павильону ачылып, анда 10 туристтик компания иш алып барууда.

«Көргөзмөдө саякаттын жана туризмдин глобалдык тренддери жаралып, ал дүйнөнүн булуң-бурчунан чогулган миңдеген адамдар үчүн бизнес менен эс алууну айкалыштырган кызыктуу аянтча боло алды. Көргөзмөнүн алкагында миллиардаган долларга келишимдер түзүлөрү күтүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Arabian Travel Market (ATM) — саякат жана туризм сектору үчүн дүйнөдөгү алдыңкы көргөзмөлөрдүн бири. Ага жыл сайын 165 өлкөдөн 2 миң 300дөй экспонент катышып, 41 миңден ашык көрүүчү келет.

Пикир

Оставить комментарий