• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

3 айда Кыргызстанга 33,5 миң тонна минералдык жер семирткич импорттолду

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. 2024-жылы 13-мартка карата Кыргызстанга жалпы 33,5 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер импорттолду.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

- азоттук минералдык жер семирткичтер – 23,0 миӊ тонна;
- фосфордук минералдык жер семирткичтер – 9,4 миӊ тонна;
- калийдик минералдык жер семирткичтер – 1,0 миӊ тоннаны түзөт.

2024-жылы минералдык жер семирткичтерге болгон баалар:

- 1 кг аммиак селитрасы 22-30 сом;
- карбамид 32-38 сомдон сатылууда.

Ведомстводон белгилешкендей, былтыркыга салыштырмалуу 2024-жылы аммиак селитрасы орточо эсеп менен 13-15 сомго, карбамид 14-15 сомго арзан.

Пикир

Оставить комментарий