• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы акыркы үч жылда дээрлик 3 миллион паспорт жасаган

Коом 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы акыркы үч жылда дээрлик 3 миллион паспорт жасаган. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ага ылайык, 3 миллион паспортко: жалпы жарандык паспорт, дипломатиялык, кызматтык, 2004-жылкы үлгүдөгү жана 2017-жылкы үлгүдөгү паспорт (ID-карт) кирет.

"2017-жылы 901 миң паспорт, 2018-жылы 916 миң паспорт даярдалган. Ал эми 2019-жылдын 11 айында 950 миңден ашуун паспорт берилген", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле паспорттордун жоголуусу да көбөйгөн. Үч жылдын жыйынтыгы боюнча 160 миңден ашык паспорт жоголгон жана 12 миңден ашыгында ката болгон.

Пикир

Оставить комментарий