• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Германиядагы TELC институту Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Коом 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Франкфурт-на-Майне шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен «TELC gGmbH» тил институтунун башкаруучу директору Юрген Кайхердин жолугушуусу өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде TELC институту менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты түзүү маселеси боюнча пикир алышты.

Тактап айтканда, Кыргызстан менен TELC институтунун ортосунда немис тилин ар кандай деңгээлде окутуу жана Германияда таанылган немис тил сертификаттарын алуу боюнча кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү талкууланды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жаштар арасында немис тилине болгон кызыгуу күчөп жатканын белгиледи.

Ал эми Юрген Кайхер институттун немис тилин окутууда чоң тажрыйбасы бар экенин белгилеп, институт Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий