• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жол жээгине мыйзамсыз жарнак тактасын илгендерге 405 миң сом айып салынды

Коом 0


Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 6-8-март күндөрү “Жарнама тактасы” аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Рейд учурунда жол жээктерине тийиштүү органдар менен макулдашпастан жарнама такталарын орнотуп алган 204 жаран аныкталып, аларга карата жалпы 405 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле 151 жаранга мындай фактыларга жол бербөө боюнча эскертүүлөр берилди.

"Жарнама тактасы" рейди ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган. Максаты — жол жээгиндеги башаламан көрүнүштөргө жол бербөө жана “Автомобиль жолдору жөнүндө” Мыйзамынын тийиштүү талаптарын аткаруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий