• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери казакстандык эс алуучуларга жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери казакстандык эс алуучуларга жардам беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тараз шаарынын 59 жаштагы тургуну Ахмед Исмаилов Ысык-Көлгө бара жатып, Чолпон-Ата шаарына кире бергенде автоунаасы бузулуп токтоп калган. Анын жанында 62 жаштагы жердеши Абдубакир Хивазов да болгон.

Унаасын жолдун четине токтотуп коюшуп, көйгөйдү чечүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Ошол учурда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери Иманбек уулу Жолдошбек жана Улан Бекешев өтүп бара жатып унаасы бузулган туристтерди көрүп, аларга жардам колун сунушкан.

Эс алуучулардын автоунаасын карап чыккан милиционерлер, автоунаанын газ бөлүштүрүүчү куру иштен чыкканын байкашып, кызматтык автоунаасы менен эс алуучаларды дүкөнгө алып келип, керектүү тетикти сатып алышкан. Андан кийин унааны оңдошуп, эс алуучуларды бош орундар бар эс алуу жайына узатып келишкен.

Өз кезегинде эс алуучулар милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий