Бишкек, 01.12.24. /Кабар/. "Эми Бишкек шаарына башка аймактардан келген унаалар акча төлөп кирет" деген видео чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын маалыматына караганда, бул эски жана туура эмес маалымат, тактап айтканда жай айында жол тыгынын чечүү боюнча альтернатива катары сунуштар түшкөн, бирок өлкө башчысы тарабынан колдоого алынган эмес.
"Анын ордуна жолдорду кеңейтип, унаа токтотуучу жайларды куруу тапшырмасын койгон. Көрдүңүздөр, быйыл Бишкектеги негизги көчөлөр кеңейтилип, жаңыдан асфальт басылып, капиталдык оңдоодон өттү.
Андыктан, “башка аймактан келген унаалар үчүн акча төлөтүү каралып жатыптыр”-деген маалыматтарга ишенбеңиздер жана кабатыр болбоңуздар", - деп жазды ал.
Пикир
Оставить комментарий